Жаңы отчетто Улуттар уюму Ооганстанда жайкын тургундар арасындагы жоготуулардын көбү жолдорго коюлган бомбалардын айынан болоорун билдирген. Талиптердин маалымат өкүлү Зайбулла Мужахиддин айтымында, согушкерлер андай бомбаларды чет өлкөлүк жана жергиликтүү аскерлерге каршы гана колдонгон. Ишембиде БУУнун Ооганстандагы миссиясы жоочуларды жол бомбаларын жана колго жасалган жардыргыч жабдыктарды колдонуудан баш тартууга үндөгөн. Уюмдун маалыматына ылайык, ушул жылдын 9 айында алар кеминде 340 кишинин өмүрүн кыйган. Былтыр ушул эле аралыкта 30 процентке аз адам өлгөн. 2 күн мурун эле Балх вилайетинде автобус жолдогу минага кабылып, 19 бейкүнөө адам каза болгон.