Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:23

Бишкекте “Тоскоолдуксуз шаар” аттуу акция өтүүдө


Бишкек шаардык мэриясынын алдында майыптарга көңүл бурууга чакырган “Тоскоолдуксуз шаар” аттуу акция өтүп жатат. Анын уюштурууларынын бири Майыптардын укугун коргоо республикалык түйүнүнүн жетекчиси Мирбек Асангариевдин “Азаттыкка” айтымында, борбор калаадагы көчөлөрдө, имараттарда майыптар үчүн шарт түзүлгөн эмес. Мындан улам алар мэрия менен өкмөт жетекчилеринен майыптарга ылайыктуу шарт түзүүнү талап кылышууда.

Акциянын алкагында жарандык активисттер чыгып сүйлөп, ырчы-бийчилер өнөрлөрүн тартуулап жатышат. (TTo/KKs)

XS
SM
MD
LG