Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Грузияда жаңы өкмөт куралды


Иванишвили министрлер кабинетине талапкерлерди тааныштырууда. 2012-жылдын 16-октябры.
Иванишвили министрлер кабинетине талапкерлерди тааныштырууда. 2012-жылдын 16-октябры.
Миллиардер-ишкер Бидзина Иванишвили баштаган өкмөттүн курамы бүгүн парламенттен колдоо тапты. Министрлер кабинетинин жаңы курамын 88 депутат колдоп, 54 депутат каршы добуш берди. Өкмөттүн “Күчтүү демократиялык жана бирдиктүү Грузия” программасын да парламент колдоого алды. Жаңы өкмөт бул программанын негизинде өлкөдө ири реформа жүргүзүүнү убада кылууда.

Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен “Грузин кыялы” коалициясынын лидери Бидзина Иванишвили туура бир жарым жылдан кийин саясаттан кетээрин айтып, бирок азыр айтылып жаткан убадаларына жооп берүүдөн качпай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG