Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Азербайжан менен Ирандын чек арасында атышуу болду


Азербайжан чек ара кызматы билдиргенине караганда, чек арачылар менен куралчан адамдардын тобу атыша кетип, ирандык бир киши жарадар болуп, колго түшүрүлдү. Расмий маалыматта ал топтун “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө” аракеттенгени айтылууда. Окуя качан болгону белгисиз. Жарадар болгон ирандык киши - 23 жаштагы Али Гурбанвендге операция жасалып, абалы жакшы деп кабарланды.

Азербайжан чек ара кызматы расмий нота аркылуу Ирандын Асландуз чек ара постунун жетекчилигине нааразылыгын билдирди. Азербайжан окуяны иликтөө талабын койду. Азербайжан Иран менен байланышы бар бир нече кишини теракттарды даярдап жаткан деп кармагандан кийин Тегеран менен Бакунун мамилелери начарлап кетти.

XS
SM
MD
LG