Улуттар Уюму жана Араб Лигасынын чабарманы Лахдар Брахими Сириядагы кризисти “жаман жана дагы осолдоп баратат” деп мүнөздөдү.
- Сириядагы кризис өтө эле коркунучтуу болууда. Кырдаал жаман. Дагы начарлоодо. Кризисти жөндөөнүн жолун табыш үчүн жалпы эл аралык коомчулук чогулуп, Сирия элине көмөктөшүүсү абзел.
Лахдар Брахими билдирүүнү дүйшөмбү күнү Москвада орусиялык коллегасы Сергей Лавров менен кездешүүдөн кийин жасады. Брахими Айт учурунда ок атышууну токтотуу боюнча сунушуну Сирия өкмөтү жана козголоңчулар аткарбай койгону анын демин суута албасын кошумчалады. Убактылуу элдешүү жума күнү - Айттын биринчи күнү башталып, төрт күнгө уланыш керек эле. Сириянын өкмөттүк телеканалынын маалымдашынча, дүйшөмбү күнү Дамаскиде “террорчулар” автомобилге койгон бомбадан 10 киши набыт болду.