Украинада 28-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга аз гана убакыт калды. Добуштардын 98%и саналгандан кийин бийликтин “Региондор” партиясы шайлоочулардын 30 процент добушу менен алдыңкы орунда баратат. Бир мандаттуу округдан шайланып келгендердин санын кошкондо бакшаруучу партия 450 депутаттык орундун 189ун ээлейт. Бул сан коалиция түзүүгө жетишсиз. Экинчи орунда 25 процент добуш менен азыр абакта жаткан саясатчы Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы келатат. Бул оппозициялык партияга парламенттен 103 орун тийиши мүмкүн. Ошондой эле 5 проценттик чекти “Коммунисттер”, атактуу мушкер Виталий Кличко жетектеген УДАР партиясы жана “Эркиндик” партиялары ашып өтүштү.
Оппозиция парламенттик шайлоодо добуштарды бурмалоо фактылар көп катталганын белгилөөдө. Эл аралык байкоочулар да шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолуп, демократиялык негизде өткөн жок деген баасын беришти. АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Украинадагы парламенттик шайлоону “артка кетенчиктөө” деп баалады.