Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Бишкек милициясы кесиптик майрамын белгилөөдө


Бүгүн Бишкек ички иштер башкармалыгында милиция күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Шаар мэри Иса Өмүркулов майрам ээлерин куттуктап 250 миң сом берип кетти. Бишкек прокуратурасынын жана улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү да келип куттук сөзүн айтты. Элүүдөй кызматкерге Ардак грамота жана жетекчиликтин ыраазылык каттары тапшырылды. 134 ардагерге премия берилди. Ал эми иш учурунда каза тапкан милиционерлердин жубайларына бир миң сомдон акчалай жардам тапшырылды. (RK)

XS
SM
MD
LG