31-октябрда башталган машыгууга Кыргызстандагы бардык күч түзүмдөрү, Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттыкты сактоо министрликтери, жергиликтүү бийликтер катышууда. Эл аралык уюмдардын көмөгү менен өтүп жаткан иш-чара “Эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алуу жана жок кылуу боюнча антитеррордук операцияларды уюштуруу” деп аталат.
Уюштуруучулардын белгилешинче, машыгуу ар кандай террордук аракеттерге күч түзүмдөрүнүн, бийлик жана эл тарабынан убагында чара көрүү аракеттерин текшерүү, террорчулукка каршы аракеттерди күчөтүү максатында өтүүдө.
Эң негизги көңүл – стратегиялык маанилүү объекттердин жетекчилигинин террордук аракеттерге каршы даярдыгын сыноо жана бекемдөөгө бурулган, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы. (ZKo)