Буга байланыштуу кечээ президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, журналисттерди кесиптик күнүнө карата куттукташты. Президент өз сөзүндө апрель окуясынан кийин өлкөдө сөз эркиндигине кенен мүмкүнчүлүк берилип жатканын белгиледи.
1993-жылы өкмөттүн токтому менен 7-ноябрь жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин күнү катары жарыяланган. 1924-жылы 7-ноябрда алгачкы кыргызча гезит “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) жарык көргөн.(ZKo)