Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Обама Мьянмага, Тайландга жана Камбожага барат


Бейшембиде Вашингтондо Ак үйдөн кабарлашкандай, мамлекет башчылыкка кайра шайланган Барак Обама президент катары чет өлкөгө алгачкы сапарын Мьянмадан баштайт. 17-ноябрда ал өлкөнүн президенти Тейн Сейн, оппозициянын лидери Аун Сан Су Чжи менен жолугушуп, өлкөнүн демократиялык реформаларын колдой тургандыгын айтмакчы. Андан ары Обама Тайландда жана Камбожада болот, Түштүк-Чыгыш Азия улуттарынын Ассоциациясынын саммитине (же ASEAN саммитине) катышмакчы. Кабарларга караганда, буга чейин АКШнын бир да президенти Мьянмага же Камбожага бара элек болчу.

 

XS
SM
MD
LG