Ош облусундагы бардык базарлардын коопсуздугу текшериле баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.
3-ноябрда Кара-Суудагы ажатканада болгон кырсыктан улам облустун аймагындагы базарларды текшерүү үчүн комиссия түзүлгөн.
Комиссия Ноокат, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда жайгашкан базарлардагы дааратканалардын жана коомдук тамактануучу
жайлардын коопсуздугун карайт. Андан сырткары, өрт коопсуздугу сакталганбы, жокпу, ушуга көңүл бурушмакчы. Кооптуу жерлер 15 күндө аныкталып, ээлерине эскертүү жиберилет. Ага көңүл бурбагандар мыйзам чегинде административдик жазага тартылат.
Базарларды текшерүүчү комиссия 15 кишиден турат, анын төрагасы болуп өкүлчүлүктүн Коргонуу , коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн
башчысы Алманбет Салиев дайындалды.
3-ноябрда Кара-Суу шаарындагы борбордук базарда жайгашкан ажаткананын асты кулап, 4 адам каза тапкан, ондон ашуун киши жараат алган. (SE/RK)