Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

ВИЧке кабылган балдардын энелери Бишкектеги митингин улантат


Балдары ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган энелер бүгүн Жогорку Кеңеш имаратынын алдында митингин улантышат. Алар 7-ноябрдан тарта балдары менен бирге жөлөкпулду көбөйтүүнү жана үй менен камсыз кылууну талап кылып нааразылык акциясын уюштурууда. Энелердин айтымында, мамлекет тарабынан жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай, коомчулуктун кодулоосуна туш болуп келишет.

2007-жылдын жай айларында Оштогу облустар аралык ооруканада 41 ымыркай, 10 киши ВИЧ инфекциясына кабылган. Андан бери ВИЧ инфекциясы жуккан наристелердин саны 283ге жетти. Бул балдардын 85ине инфекция энесинен жуккан болсо, 191 наристе дарыгерлердин шалаакылыгынан улам айыкпас дартка чалдыккан.

Кыргызстанда учурда бул инфекцияны жуктурган 4469 адам катталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG