Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Исламабад Кабулду жарандардын өлүмү үчүн айыптады


Пакистан дүйшөмбүдө чек арадагы аткылоодо кеминде төрт карапайым тургундун курман болушу үчүн ооган аскерлерин айыптады. Пакистан өкмөтү жекшемби күнү Ооганстандын түштүк-чыгыш чек арасын бойлой жайгашкан Түштүк Вазиристан уруу аймагынын Нейзнарай айлындагы үй аткыланганда төрт айыл тургуну набыт болгонун билдирди. Пакистандын тышкы иштер катчысы Жалил Аббас Жилани бул чабуулду Ооганстандын Пакистандагы элчиси Мохаммад Умар Даудзай менен сүйлөшкөндө сынга алды. Пакистандын тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө бул чабуул «пайда алып келбеген кадам» деп мүнөздөлөт.

XS
SM
MD
LG