Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Акыйкатчы курсанттын өлүмү боюнча иликтөөнүн тыянагын жарыялады


Ички иштер министрлигинин академиясынын имаратынан кулап кетип каза тапты делген Нурлан Ниязбековдун өлүмү боюнча түзүлгөн Акыйкатчы институтундагы комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн маалымат жыйында анда маркум курсантка медициналык жардам убагында көрсөтүлбөгөнүн, академиянын күзөттө турган кызматкерлери жана жетекчилери милдетин так аткарылбаганы аныкталды деп билдирди.

Ушул жылы 8-октябрда 22 жаштагы курсант Нурлан Ниязбеков нөөмөттө турган учурда 3-кабаттан кулап кетип каза тапкан. Академия жетекчилиги Ниязбековдун мас абалында кулап кеткенин билдирген. Курсанттын ата-энеси уулунун өлүмүнө өз убагында жардам көрсөтпөгөн академия жетекчилигинин шалаакылыгы себеп болгонун айтып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып келет.

Бул окуя боюнча кылмыш иш козголгон, териштирүү аяктай элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG