Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Үч эмдин энесине Бишкектен батир берилди


Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн үч эм төрөгөн Мунара Сейитбековага батирдин ачкычын тапшырды. Оорулуу келинге президенттин фондунан 500 миң сом да бөлүндү.

Күйөөсү таштап кеткен, үч эм кызы менен кыйынчылыкта калган бул келин тууралуу “Азаттык” биринчи жазып чыккандан кийин коомчулуктун көңүлү бурулган. Бул материалдан кийин укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Сейитбековага тезинен жардам берүүнү талап кылып, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана мэриянын алдында нааразылык акция өткөргөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG