Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ош: Саат 13кө карай шайлоочулардын 20,9% добуш берди


Облус боюнча 1639 депутаттык орунга 5441 талапкер ат салышууда. Ош облусунда жалпы 431 шайлоо участкасы иштеп жатат. Шайлоолор облустун жети районундагы айыл округдарда жана Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат шаарларында өтүп жатат. Өзгөндөгү шайлоого 8, Кара-Сууда 5, Ноокатта 4 партия катышууда. Мөөнөтүнөн 41 жаран добуш берген. БШКнын Ош облусу боюнча координатору Расулбек Кадыровдун айтымында, азырынча мыйзам бузуулар каттала элек, шайлоочулардын активдүүлүгү байкалууда. Шайлоочулардын жалпы саны 566 миң 447 киши. (SE)

XS
SM
MD
LG