Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Каталониядагы шайлоо төбөлсүздүккө жол ачышы мүмкүн


Испаниянын Каталония автономиясынын региондук ассамблеясына шайлоо өтүүдө. Регионалдык өкмөттүн башчысы, эрктүүлүктү жактаган саясатчы Артур Мас эгер шайлоочулар анын тарапкерлерине ишеним көрсөтсө, Каталониянын эгемендиги боюнча рефрендум өткөрүлөт деп убада кылган. Төбөлсүздүктүн жактоочулары Каталония борбордук өкмөткө ашыкча көп салык чегерет, автономия эрктүү мамлекет болсо, Евробиримдиктин байдөөлөт мүчөсү болот дешет. Каталония Испаниянын ички дүң жыйымынын 20 проценттейин берет.

Шайлоо өлкө экономикасы кризиске батып, жумушсуздук 20 проценттен да жогору болуп турган чакта өтүүдө. Автономиялуу региондо 7,5 миллион калк жашайт.

 

XS
SM
MD
LG