“Таза шайлоо” ассоциациясы 25-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча байкоосун жарыялады. Ага ылайык, добуш берүү күнү мыйзам бузуулар катталды, бирок алар шайлоо жыйынтыгына олуттуу таасир этпейт. Мисалы көчмө добуш берүүдө бир топ кемчиликтер аныкталды. Кээ бир шайлоо чөлкөмдөрдө мындай добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Шайлоочулар тизмесин, бармакка белги коюуда мыйзам бузуулар болду. “Таза шайлоо” Борбордук шайлоо комиссиясына жалпысынан ондой арыз жолдоду.
Шайлоого аталган ассоциациянын 500 байкоочусу көз салды. Алардын 200ү Бишкекте, калгандары жер-жерлерге бөлүнгөн эле. (EBM)
Шайлоого аталган ассоциациянын 500 байкоочусу көз салды. Алардын 200ү Бишкекте, калгандары жер-жерлерге бөлүнгөн эле. (EBM)