Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Кыргыз-казак чек арасында эки адам жоголду


Сокулук районунун Камышанов айылынын эки тургуну кыргыз-казак чек арасында жоголду деп изделүүдө. 29 жаштагы Салим жана 20 жаштагы Данияр аттуу айыл тургундары кечээ кечинде Чүй суусун кечип Казакстан тарапка өткөн боюнча дайынсыз жоголушкан. Жакындарынын маалыматы боюнча, балдарды издөө иштери түнкү үчтөн бери уланууда. Бул балдар аткезчилик жол менен Казакстанга товар ташыгандарга жалданып иштеши мүмкүндүгү айтылууда.

Камышановка айыл округунун жетекчилиги окуя тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнө жана милицияга кабар берилгенин маалымдады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кыргыз-казак чек арасында адамдар жоголду деген маалымат азырынча түшө электигин “Азаттыкка” кабарлашты. (MiT/KKs)

XS
SM
MD
LG