Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:41

Стросс-Канн ньюйорктук кызматкер аялга акча төлөп берет


Эл аралык валюта корунун мурдагы башчысы Доминик Стросс-Канн Нью-Йорк мейманканасынын кызматкерине акча төлөп берүүгө макул болгону жана ал 33 жаштагы Нафиссату Диалло менен маселени акчалай чечүүгө келишкени дүйшөмбүдө Нью-Йоркто болгон сотто жарыяланды. Бирок сот сөз канча суммадагы акча тууралуу жүрүп жатканын ачыктаган жок.

63 жаштагы Доминик Стросс-Канн Эл аралык валюта корунун башчылыгынан аны Нью-Йорктогу мейманканалардын биринин кызматкери "сексуалдык ыдык көрсөттү" деп айыптагандан кийин кеткен. Бул ишке чейин ал Франция президенттигине талапкер катары эсептелчү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG