Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Ирактын президенти ооруканага түштү


Президент Жалал Талабани ооруканага жүрөгү кармап түшкөнүн Ирактын мамлекеттик сыналгысы кабарлады.

Президент ооруканага саламаттыгына байланыштуу чукул жаткырылганын анын кеңсеси да билдирди.

Ирак президенти буга чейин 2008-жылы АКШда жүрөгүнө операция жасаткан.

Кезинде Ирактагы күрддөрдүн негизги саясий уюму – Күрд патриоттук союзун негиздеген Талабани 2005-жылы Ирактын алгачкы араб эмес президенти болгон.

Ирак Баш мыйзамы боюнча президент айрым бир ыйгарым укуктарга ээ, ал эми негизги бийлик премьер-министр башкарган өкмөттө. (UE)

XS
SM
MD
LG