Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:25

Дамаск шаарынын четинде катуу уруш жүрүүдө


Сириянын байтакты Дамаскинин четинде өкмөттүк аскерлер менен көтөрүлүшчүлөрдүн ортосунда катуу согуш жүрүүдө. Өкмөттүк булактардын кабарлашынча, армия шаршемби күнү куралдуу адаватчыларга каршы кеңири масштабда операция өткөрүүдө жана “көптөгөн террорчулар” жок кылынды.

Маалыматтарга караганда, Сириянын түштүгүндөгү Дарыя, Хараста, Дума жана Хажар Асвад аймактарында, ошондой эле Дамаскинин Ярмук районундагы палестин качкындарынын лагеринин жанында да салгылаш болууда. Жакында козголоңчуларды артка кайтаруу үчүн өкмөттүк күчтөр Ярмукка сокку урганда палестин качкындары да жабыркаган. Андан улам Палестин автономиясынын төрагасы Махмуд Аббас Улуттар Уюмуна кайрылып, палестиндерди автономияга көчүрүүгө көмөктөшүүсүн сураган.

XS
SM
MD
LG