Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:30

Атамбаев: Ооганстандан АКШ аскери чыгып кеткенге даярданабыз


Кыргызстан Ооганстандан АКШнын аскерлери чыгып кеткенге даярданат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

"Ал үчүн аскерлерди кайра куралдандырабыз. Чек ара кызматыбызды күчтөндүрөбүз. Буга акча табабыз. ЖККУдагы өнөктөштөрүбүз жардам берет", - деди Атамбаев.

Президенттин айтымында, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында "чечкиндүү документтерге кол коюлду". Мисалы, мурун чечим кабыл алуу 90 күнгө чейин созулса, азыр үч күн гана кетет.

Атамбаев ошондой эле Кыргызстан Бажы биримдигине киргени жатканын, бул уюмга мүчө өлкөлөр менен чек арасы бир болоорун кошумчалады.

"Манас" аба майданында башка мамлекеттин аскерий күчү болбошу керек экенин айтты.

"Бул бизге проблема жаратат. Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгып кетсе маңзат ташуу көбөйөт деп коркутушат. Бул күчтөр эгер маңзат өстүрүп ташууну тыюуну кааласа 11 жылдан бери эле тыйып коймок. Мен алардын андай каалоосун көргөн жокмун. 11 жылдын ичинде азаймак түгүл көбөйдү", - дейт Атамбаев.

Ооганстандагы антитеррордук операция үчүн киргизилген НАТО күчтөрү 2014-жылы чыгарылаары айтылып келет. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG