Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Сирияда дагы бир генерал оппозиция тарапка өттү


Сирияда аскерий полициянын жетекчиси козголоңчулар тарабына өтүп, Түркияга качканы кабарланууда. Генерал майор Абдул Азиз Ясем ал-Шаллал кечээ “Ал-Арабия” телеканалы көргөзгөн тасмада элдик ыңкылапка кошулуп жатканын жарыялады. Анын айтымында, Сирия армиясы “элди коргоо озуйпасын аткарбай”, “адам өлтүрүүчү жана кыйроо салуучу кылмышкерлер тобуна айланып калды”. Генерал дагы бир топ жогорку офицерлер каршы тарапка өтүүнү каалашат, бирок" өкмөт аларды катуу көзөмөлгө алгандыктан, андай кадамга бара алышпайт", деди.

Козголоң башталган 2011-жылдын март айынан бери ондогон генерал президент Башар Асад режими менен күрөшүп жаткан оппозицияга кошулган же өлкөдөн качып кеткен.

XS
SM
MD
LG