Бүгүн Баткен районунун Чарбак айылы менен чектешкен Өзбекстандын Хушяр айлынынын миңге чукул тургуну кыргыз тарапка каршылыгын билдирип чек ара аймагына чыкты. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, Өзбекстандын жарандары талаштуу аймакка электр зымдарын тартууга каршы.
Чарбак айылынын четиндеги чек ара тозотунда электр жарыгы жок. Өткөн жылдан бери ал жерге электр зымын алып баруу үчүн түркүктөр орнотулуп баштаган. Кечээ бул жерге орнотулчу түркүккө 50дөй өзбек тургундары келип каршылыгын билдирген. Кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарганда алар таркап кетишкен.
Өзбекстандын Сох анклавы Баткен облусунун ичинде турат. Анклавдын тегерегиндеги чек ара тилкеси ушул күнгө дейре тактала элек.
Жалпысынан 1378 чакырым узундуктагы кыргыз-өзбек чек арасынын 1007 чакырымы гана такталган. (JA/AKu).