Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:59

Индия Кашмирде Пакистандан “провокация болсо, орой жооп кайтарууну” буйруду


Индия менен Пакистандын расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн алдынан Индия армиясынын жетекчиси Пакистан тараптан провокацияга катуу жооп кайтарууну буйруганын айтты. Генерал Бикрам Сингх бүгүнкү билдирүүсүндө: “Эгер пакистандыктар ок атса, биздин аскерлер да ок менен жооп кайтарат”, - деди. Эки өлкөнүн ортосунда соңку чыңалуу Кашмирде эки тараптан тең жакында экиден аскер окко учкандан кийин башталган. Бүгүн Пакистан менен Индиянын аскер башчыларынын сүйлөшүүлөрү башталмак. Алар соңку чыңалуу кеңири согушка айланып кетпеши үчүн ыкчам чараларды көрүүнү талкуулашмакчы.

Кашмир – Индия менен Пакистан ортосунда 1949-жылдан бери статусу аныктала элек талаштуу регион.

XS
SM
MD
LG