Кытайдын геодезия, картография, геомаалымат боюнча Улуттук администрациясынын бүгүнкү жарыясына караганда, алар өлкөнүн аралдарынын баарын картага түшүрүүнү пландоодо.
Картага түшүрүүнүн экинчи баскычы Кытай менен Жапония талашып келаткан аралдарды да камтыйт.
Ал талаш аралдарды Кытайда Дяоюйтай, Жапонияда Сенкаку деп аташат.
Расмий Токионун былтыр сентябрда бул аралдарды менчик ээсинен сатып алуусу Кытайда нааразылыктарды жаратып, жапон ишканаларына кол салынган.
Кытайдын картография боюнча мекемесинин башчысы бүгүн талаш аралдардын айланасында иш жүргүзүүдө кыйынчылыктар бар болгонун мойнуна алды.
Кытайдын кемелери менен учактарына жооп кылып, Жапонияда талаш аралдарга жээк кайтаруучу кемелерин, аскерий учактарын да жөнөткөн. (UE)