Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Бишкектин четинен мүрзөгө деп 84 гектар жер бөлүндү


Бишкектин четинен мүрзөгө деп 84 гектар жер бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн токтому чыкты. 44 гектары Бишкек шаарына, калган 40 гектары Чүйдүн Аламүдүн районуна берилди. Буга чейин бул аянт Аламүдүн районунун Ленин айылынын айыл чарба жери болчу.

Соңку жылдары шаар калкынын саны өскөнүнө байланыштуу Бишкектин четиндеги айылдарда мүрзөгө деп бөлүнгөн жерлер жетишсиз болуп жатканы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG