Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Атамбаев Обамага куттуктоо жолдоду


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обамага мамлекет башчылык кызматына экинчи мөөнөткө расмий киришкенине байланыштуу куттуктоо жөнөттү.

Куттуктоо катында:

ткөн шайлоонун жыйынтыгы АКШнын жарандарынын сизге абдан зор ишеними бар экенин күбөлөдү. Бул ишеним сизге ички жана тышкы саясат боюнча сиздердин өлкөнүн алдында турган мерчемдерди ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн күч берерине ишенем. Кыргызстан демократиялык реформаларды жүргүзүүдө жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууда АКШнын жардамын жана олуттуу колдоосун жогору баалайт. Кыргыз-америкалык эки тараптуу кызматташуунун чектелбеген потенциалы мындан ары да биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгынын урматына чыңдала берет деген үмүттөмүн", - деп айтылат.

Атамбаев Обамага бакубаттык жана мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди, ал эми АКШ элине тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалады. (RK)

XS
SM
MD
LG