Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Чехияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы башталды


Земан (солдо), Шварценберг (оңдо).
Земан (солдо), Шварценберг (оңдо).
Шайлоо бекеттери бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00до ачылды. Добуш берүү эртең ушул убакытка чейин созулат. Жеңүүчү эң эрте дегенде эртең кечинде белгилүү болушу мүмкүн.

Президенттик кызматты бул ирет мурдагы премьер-министр, кезинде Кыргызстанга иш сапары менен барган Милош Земан жана учурдагы тышкы иштер министри, “ТОП09” партиясынын лидерлерин бири Карел Шварценберг талашууда.

Алгачкы айлампада Земан биринчи, Шварценберг экинчи болуп чыккан. Эки талапкер тең бүгүн добуш беришти. Чех президенти үчүн алгачкы ирет жалпы эл добуш берүүдө. Буга чейин мамлекет башчысын парламент шайлачу.

Азыркы президент Вацлав Клаустун мыйзамда көрсөтүлгөн эки мөөнөтү аяктады.
(UE)

XS
SM
MD
LG