Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:12

Италия жарандарына бала асыроо үчүн берилген документтер иликтенет


Социалдык өнүктүрүү министрлиги 20 баланы асыроо үчүн Италия жарандарына берилген документтер боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

31-январда министр Кылычбек Султанов Италиянын Казакстан менен Кыргызстандагы элчиси Альберто Пиери менен жолукканда италиялыктар асырап алганы жаткан балдардын тагдырына кызыккан. Министрликтин өкүлдөрү италиялык жарандардан бала асырап алуу боюнча арыз түшпөгөнүн айтып чыккан. Бирок консул министрликтен алынган документтерди көрсөткөн. Учурда бул документтер боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG