Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Тегеран Вашингтон менен тикелей сүйлөшүүгө даяр


Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи Тегеран Вашингтон менен ядролук кризис боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөргө даяр деп билдирди. Мюнхендеги коопсуздук конференциясына катышып жаткан министр АКШ менен тикелей сүйлөшүүлөрдөн бизди эч нерсе кармабайт, бирок Вашингтон "калыс жана реалдуу ниети" менен келүүгө тийиш деди. Салехи АКШ сүйлөшүүлөргө бараарын айтып, ошол эле кезде бардык жолдор, анын ичинде күч колдонуу же санкцияларды киргизүү күн тартибинде кала бергенин айтуу менен карама-каршы позицияны ээлеген деп сындады.

Кечээ Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байден Вашингтондун Тегеран менен тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушун кайталаган. Салехинин айтымында, Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө катышып жаткан 6 өлкө 25-февралда Казакстанда кезектеги айлампага чогулууну сунушташты.

XS
SM
MD
LG