Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Мамлекеттик резиденцияны кайтаруу келишимдик негизге өтүшү мүмкүн


Мындай демилге резиденцияны кайтарган ички аскерлердин 39 жоокери бөлүктү калтырып кеткен соң Ички иштер министрлигинде талкууланып жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик маанилүү объектти кайтарууда жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн ушундай сунуш каралып жатат.

3-февралдын түнүндө ИИМдин ички аскерлеринин №702 бөлүгүнүн 39 жоокери бөлүктөн уруксатсыз чыгып кетишкен. Учурда алардын баары бөлүккө кайтып келишти. Качкан 39 жоокердин 22си “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясын кайтарып турушкан. Буга байланыштуу учурда Аскер прокуратурасы иш алып барууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG