Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Олимпиада комитети күрөштү 2020-жылдагы оюндан чыгарды


Эл аралык Олимпиада комитети күрөштү 2020-жылдагы негизги спорт оюндарынын тизмесинен чыгарууну чечти. Швецариядагы баш жыйынында кабыл алынган бул чечимдин кесепетинен эми күрөш башка оюндар менен атаандаштыкта гана Олимпиада оюнуна катышышы ыктымал.

Бул чечим Кыргызстандын олимпиада үмүттөрүнө сокку урат деп билдирет "Азаттыктын" спорт баяндамачысы Кабыл Макеш:

Кыргыз балбандары советтик доордо күрөш боюнча олимпиада оюндарына катышып көргөн эмес. 1996-жылдагы Атланта олимпиадасынан баштап, кыргыз спортчулары жеткен ийгиликтердин 50-60 пайызы балбандардын эсебинен болуп келген. Кыргызстанда грек-рим жана эркин күрөш менен 20 миңден ашык улан машыгат. Алардын да келечегине балта чабылууда.

Орусиянын Күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили бул спорттун негизги тизмеден чыгып калышы күтүүсүз чечим болгондугун билдирди. jch

XS
SM
MD
LG