Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:37

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча корутундуну карайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Кумтөр алтын кени боюнча мамлекеттик комиссия иштеп чыккан корутундуну талкуулашат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин парламенттин тармактык үч комитети жана башкаруучу коалиция комиссия корутундусун талкуулап, аны колдогон.

Мамлекеттик комиссиянын корутундусунда “Центерра голд” компаниясы менен 2009-жылы түзүлгөн Кумтөр боюнча келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. Эгер канадалык компания бул сунушка көнбөсө, келишимди бузуу керектиги да белгиленген.

Аталган корутундуга байланыштуу өткөн аптада “Центерра голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон Кыргызстанга келип, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир катар жетекчилер менен жолуккан. Анда “Центерра голддун” президенти түзүлгөн кырдаалдан конструктивдүү сүйлөшүүлөр аркылуу чыгууга даярдыгын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG