Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Кыргызстандагы улут аралык мамиленин жетишкендиктери жөнүндө Женевада доклад окулду


Ушул күндөрү Кыргызстандын өкмөттүк органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссиясынын Женевада өтүп жаткан 82-сессиясына катышып жатышат. Анда БУУнун расалык дискриминацияны жоюу боюнча конвенциясынын аткарылышы талкууланып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен мамилелер бөлүм башчысынын орун басары Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Кадырбеков маалымдагандай, президенттик аппарат, ИИМ, Башкы прокуратура, Тышкы иштер министрлиги жана бир нече укук коргоочудан куралган делегациянын өкүлдөрү Кыргызстандагы расалык жана улут аралык дискриминацияны жоюунун абалы жөнүндө маалымат беришүүдө.

19-февралда президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен мамилелер бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева бул багытта Кыргызстанда аткарылган иштер тууралуу атайын доклад менен чыкты.

Сессиянын алкагында улут аралык мамилени чыңдоо үчүн жасала турган иштер тууралуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өтмөкчү. БУУнун сессиясы эки жумага созулат. (BkA)

XS
SM
MD
LG