Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Аятолла Ал-Хаменей газ куурунун курулушу тездетилишин каалайт


Ирандын руханий башчысы Пакистан президенти Асиф Али Зардариге баасы 7,5 млрд. доллар турган Иран - Пакистан газ куурунун курулушун тездетүү зарылдыгын айтты. Хаменейдин маалымат кызматынын билдиришинче, аятолла “Иран-Пакистан газ кууру Тегеран менен Исламабаддын кызматташтыгынын маанилүү үлгүсү” экенин айткан. Иранга иш сапары менен келген Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Иран-Пакистан газ кууру тууралуу Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад менен сүйлөшкөн болчу.

Иран Пакистанга күнүнө 21, 5 млн куб газ сатып алууну сунуш кылып, жаңы куурдун курулушуна 500 млн доллар насыя бергенге макул болууда. Гвадарадагы мунай заводу күнүнө 400 миң баррел кара май иштетет деп боолголонууда. Кабарларга караганда, долбоорго АКШ каршы чыккандыктан, инвесторлорду тартуу кыйын болуп жатат.

XS
SM
MD
LG