Чүйдө кечээ күнкү катуу шамалдан бир нече үй жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, Сокулуктун Асылбаш айылында клубдун чатырынын 160 чарчы метр жерин учуруп кеткен. Чүй районунда 4 кабат үйдүн 286 чарчы метр чатырын учуруп кеткени аныкталды.
3-мартта түшкө маал аталган райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен.
Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)
3-мартта түшкө маал аталган райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен.
Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)