Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

"Трибуна" гезитинин кеңсесинде тинтүү жүрүп жатат


Ушу тапта "Трибуна" гезитинин кеңсесинде тинтүү жүрүп жатат. Гезиттин редактору Ырысбек Өмүрзаковдун "Азаттыкка" айтымында, бүгүн редакциянын ичинен табылды деп жаткан жардыргычтарга анын тиешеси жок:

- Бул окуя менин журналисттик ишмердүүлүгүмө түздөн-түз тиешеси бар. Бир нече күн мурда мен азыркы бийликти сындаган китеп чыгаргам.

Өмүрзаков гранаталарды анын бөлмөсүнө атайын кызмат өкүлдөрү коюп кеткен деп эсептейт.

Кабарчыбыздын айтымында, "Илбирс" имаратынын ичинде жайгашкан редакцияга күч түзүмдөрү азыр эч кимди жолотпой жатат. Тинтүү бүгүн аталган кеңседен үч граната табылганына байланыштуу жүрүүдө. Жардыргычтар тууралуу маалыматты күч түзүмдөрүнө жашыруун телефон чалган киши кабарлаганы айтылууда. (JAk/RK)

XS
SM
MD
LG