Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Орусияда Магнитскийдин соту жылды


Москва сотунда Сергей Магнитскийге байланыштуу сот иши башталып, бирок дароо эле 22-мартка чейин артка жылдырылды. Сотто абакта 2009-жылы каза тапкан юрист Магнитскийге “салык төлөөдөн” баш тарткан деген айып коюлууда. Бул жараян Орусиянын тарыхында айыпкердин көзү тирүү эместигине карабай башталган алгачкы соттук иш.

Юрист Сергей Магнитский 2008-жылы "салык төлөөдөн качкан" деген айып менен камакка алынып, 37 жашында абакта каза тапкан. Анын жактоочулары муну саясий буйруктун негизинде даярдалган иш деп билдиришүүдө. Анткени ага чейин ал Орусиянын ички иштер министрлигинде, Федералдык коопсуздук кызматында мамлекеттик ири каражаттардын уурдалышынын бетин ачкан.

Юристтин өлүмү АКШ менен Орусиянын мамилесинин начарлашына себеп болду. АКШ сенаты былтыр декабрда атайын мыйзам кабыл алып, Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар делген орусиялык аткаминерлерге АКШ аймагына кирүүгө жана финансылык операцияларды ишке ашырууга чектөө койгон. Буга жооп катары Орусия америкалык жарандарга орусиялык жетим балдарды багып алууга, АКШдан каржыланган бейөкмөт уюмдардын Орусияда саясий ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салган мыйзамды кабыл алды.

XS
SM
MD
LG