Бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталып жаткан “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов баштаган жети адамдын бүгүнкү сотунда жактоочу тарап жарыш сөзгө чыкты. Коомдук жактоочу катары сөз алган “Ата-Журттун” депутаттары Курмантай Абдиев жана Мыктыбек Абдылдаев фракциялаштарына коюлуп жаткан айыптар негизгиз экенин айтышты. Курмантай Абдиев бийлик эл өкүлдөрүн камап, бүтүндөй оппозицияны коркутууга аракет кылып жатат деп билдирди.
Кечээ мамлекеттик айыптоочу тарап депутаттардын күнөөсү далилденгенин белгилеп, аларды 9 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратууну соттон сураган. 3-октябрдагы Бишкектеги нааразылык акциясында модератор болгон коомдук ишмер Кубат Кожоналиевди болсо сегиз жылга, Ташиевдин жан сакчыларын 3-4 жылга кесүүнү өтүнгөн. (JAk/KKs)