Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Өкмөттүк делегация чек ара маселесин сүйлөшүү үчүн Өзбекстанга барат


Бул тууралуу “Азаттыкка” мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов билдирди. Мамытовдун айтымында, эки өлкө ортосундагы чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү көздөгөн делегацияны вице-премьер-министрлердин бири жетектеп барат. Сүйлөшүүлөр болжол менен 25-марттан 30-мартка чейин Ташкен шаарында өтөт.

Буга чейин эки өлкөнүн чек арасында бир нече жолу чыр-чатак орун алган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1378 чакырым чек аранын 1007 чакырымы такталган. Жыл башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар (Хушяр) айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ушарлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алган, бир канча унааларды талкалаган. Бул окуядан кийин чек араны тактоо боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү токтоп калган. (JAk)

XS
SM
MD
LG