Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Саудия: Кармалган шпиондор Иран менен түз иштешкен


Сауд Арабияда өткөн аптада кармалган шпиондук уюмдун мүчөлөрү Иран менен иштегенин тергөө көрсөттү. Бул жөнүндө падышалыктын ички иштер министрлиги маалымдады. Анда 19-мартта шектелип кармалган 18 адам Ирандын чалгындоо кызматы менен “түз байланышта” иштегени, алар Саудиянын маанилүү объекттери жөнүндө Иранга акчага маалымат берип турганын далилдер көрсөткөнү жана суракта өздөрү аны мойнуна алышканы айтылат. Кармалгандардын бирөө Иран, экинчиси Ливан жараны, калган он алтысы Саудиянын өзүнөн. Жекшемби күнү Иран бийликтери Сауд Арабиясындагы шпиондукка эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG