Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Пакистанда согушкерлер кыздар мектебинин мугалимин атып кетишти


Пакистандын түндүк-батышындагы Ооганстан менен чектеш уруулар жашаган Хайбер аймагында согушкерлер кыздар мектебинин мугалимин атып кетишти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматында, Шахназ Назли аттуу мугалим өзү эмгектенген кыздардын башталгыч мектебине бараткан жолдо мотоциклчен эки адам ага ок чыгарган. Бул кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Пакистанда талибдер аялдардын билим алуусуна каршы чыгып, буга чейин бир нече кол салууну уюштурган эле. Өткөн жылдын октябрь айында Талибандын согушкерлери 14 жаштагы Малала Юсуфзай аттуу өспүрүм кызды мектептен кетип бара жаткан кезинде башка атып, оор жарадар кылган. Юсуфзай 2009-жылы билим алуунун маанисин, талибдердин Сват өрөөнүндө жергиликтүү элге көрсөткөн кордугун интернетке жазып чыкканда таанымал болгон. "Талибан" аны исламды жана шариятты жаманатты кылып, кыздарды билим алууга үндөгөнү үчүн жазалаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG