Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Москва: Түндүк Кореянын БУУну "тоотпогон мамилеси кыжырдантат"


Орусия Түндүк Кореяны Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин “массалык кыргын салуучу куралды таркатпоо” жөнүндө резолюциясына карата тоотпогондой мамилеси “кыжырды келтирет” деп сыпаттады.

Орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич бүгүн Москвадагы жыйында: "Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана ядролук куралды жайылтпоо боюнча келишимди жактырган мамлекет катары Орусия үчүн Пхеньяндын мындай мамилеси такыр кабыл алынгыс нерсе", - деди.

Орусия Пхеньянды согуш жөнүндөгү риторикасынан баш тартууга да чакырды.

Түндүк Корея бүгүн эртең мененки билдирүүсүндө АКШга “ырайымсыз сокку” урганга, керек болсо, ядролук курал колдонууга да толук даяр экенин эскерткен болчу. Бул - Пхеньяндын акыркы күндөрү Вашингтонго жана Сеулга жасаган катарма-катар коркутууларынын кезектегиси.

XS
SM
MD
LG