Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Керри Түркияны Израил менен алакасын калыбына келтирүүгө чакырды


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөндөөдө Түркия чечүүчү ролду ойноорун белгилеп, Израил менен дипломатилык алакасын калыбына келтирүүгө чакырды. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даутоглы Израил менен алакаларды толук калыбына келтирүүгө убакыт керектигин белгиледи. Ал Израил Газа тилкесине киргизген бардык санкцияларды алып салуусу зарылдыгына дагы токтолду.

2010-жылы Газага гуманитардык жүк алып бараткан кемелердин кербенине каршы израил армиясы өткөргөн операцияда тогуз түрк актвист өлтүрүлгөндөн кийин эки өлкөнүн мамилеси бузулган. Өткөн айда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху үч жыл мурунку окуя үчүн Түркиянын премьери Режеп Эрдогандан кечирим сураган.

Мамкатчы Жон Керри Европа жана Азия чөлкөмүнө пландаган 10 күндүк сапарын Түркиядан баштады.

XS
SM
MD
LG