Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

УКМК: Бишкекте жер тилкелери мыйзамсыз сатылган


УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызмат Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жер тилкелери сатылганын аныктады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жер тилкесин сатууга Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары, шаардык архитектуранын мамлекеттик каттоо кызматынын жана мэриянын жеке турак жай бөлүмүн кызматкерлеринин катышы бар деп шектелүүдө.

Натыйжада УКМКнын тергөө бөлүмү Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”, “кызматтык жасалма аракет” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG