Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Азербайжанда демократиялык баалуулуктарды окуткан университет жабылды


Бакудагы “Азат пикир” университетинен “Азаттыкка” айтышкандай, бүгүн күтүүсүздөн эле Башкы прокуратуранын кызматкерлери келип, эч бир түшүндүрмөсүз окуу жайдын бөлмөлөрүн жаап салышты. “Азат пикир” университетин түзүү боюнча долбоорду 2009-жылы өлкөдөгү “Жаша!” деген жаштар уюму ишке киргизген. Ал түрдүү интерактивдүү лекциялар, тегерек үстөлдөгү талкуулар аркылуу азербайжандыктарды демократиялык баалуулуктарга окутууну максат кылган эле. Университет АКШ менен Британиянын Бакудагы элчиликтери, ЮСАИД жана башка эл аралык уюмдар тарабынан каржыланып турчу. Америкалык элчи Ричард Монингстар университеттин өкүлдөрүнө сүйлөп, окуу жайдын жабылганына көңүлү калып турганын, азери жаштарынын кыймылдары туш болуп жаткан соңку кыйынчылыктарга тынчсызданып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG