Амстердамда Нидерландынын 75 жаштагы канышасы Беатрикс салтанаттуу аземде тактан баш тартты. Беактрикс таажыны уулу Уиллем-Александрга өткөрүп берди.
46 жаштагы Уиллем-Александр 1890-жылы көз жумган Уиллем 3-дөн кийинки биринчи эркек падыша болот, андан кийин Нидерландыны жалаң канышалар башкарып келишкен.
Ал эми Беатрикс өзү такка 1980-жылы келген. Каныша бийликтен кетүү каалоосун январда билдирген.
- Бир аз убакыт мурда мен тактан кеттим. Мен толкундануу жана сүйүнүч менен сиздерге жаңы падыша Уиллем-Александрды тааныштырам. (АiK)