Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Мариинский театрынын жаңы сахнасы ачылды


Санкт-Петербургда Мариинский опера жана балет театрынын жаңы сахнасы ачылды. Салтанаттуу азем кечээ президент Владимир Путиндин катышуусунда өттү. Жаңы сахна заманбап технологияларга ылайык салынып, ага 700 миллиондой доллар кеткен.

Мариинский театры 1860-жылы тургузулган. Президент курулушчуларга, архитекторлорго, артисттерге ыраазычылыгын билдирди. Кечээки гала концертте испаниялык даңазалуу тенор Пласидо Доминго, орусиялык сопрано Анна Нетребко, белгилүү балериналар Ульяна Лопаткина жана Диана Вишнева өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми дирижердук пультта алдыңкы күнү Эмгек Баатыры наамын алган Валерий Гергиев болду.

Мариинский театрында өмүрүнүн акыркы жылдарында кыргызстандык опера ырчысы, маркум Болот Миңжылкиев да ырдап жүрдү.

XS
SM
MD
LG